Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Бул тууралуу бүгүн 2-апрелде саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Маалым болгондой айыккан аял жана эркек ооруканадан чыгарылды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 5 адам айыкты. Буга чейин 2 аял жана бир эркек Жалал-Абад облустук ооруканасынан айыгып чыгышкан.