• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда дагы 261 адам коронавирустан айыгып чыкты

17 Баш оона 2020 11:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 261 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 119 киши, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда – 15, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда 18 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 34миң 567ге жетти.

Количество просмотров: 109