• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргызстанда доллардын баасы дагы түштү

26 Бугу 202011:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда доллардын расмий курсу эки айга чукул убакыттын ичинде 10 сомдон ашык төмөндөдү. Улуттук банк 26-майга карата доллардын курсун 73 сом 64 тыйын деп аныктады.

Ал эми жеке менчик банктарда бир доллар 73 сом 80 тыйындан башталып 74 сомго чейин бааланууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган.

19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарган. Доллар кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 935