• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык жогорулады

25 Жалган куран 2020 12:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык жогорулады. Улуттук банктын сайтында бир доллар 78 сом 88 тыйын болуп турат. 24-мартта 77 сом 60 тыйын болчу.

Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлары долларды 79-80 сомдон сатып алып, сатууда.

Кыргызстанда 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. 20-мартта 85 сомго жеткен. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады.

20-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалап, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн экенин айткан

Количество просмотров: 189