Адам укугу жөнүндө жалпы декларация кабыл алынганына быйыл декабрда 75 жыл толот. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 30 беренеден турган Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Учурда декларацияга БУУга мүчө 193 өлкө кошулган. Кыргызстан 1994-жылдан тарта кабыл алынган.
Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстанда адам укугу боюнча эл аралык уюмдар жана өкмөт бекиткен келишим, мыйзамдар кагаз жүзүндө калып, ал эми иш жүзүндө маңдай жылытарлык эместигин айтты.
«Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына формалдуу мамиле жасалып, күчтөнүп бара жатканы ачык-айкын көрүнүп турат. Аялдар менен жаш балдарга карата зомбулук маселеси, соттордун чечимдери, жабыркаган тарап чыныдык таппай калып жатат. Ал эми кылмыш иштери кыскарып кетүүдө. Сөз эркиндигин, биригүүгө болгон эркиндикти кескин түрдө чектөө аракети жүрүп жатат. Өлкөнүн туруктуу өнүгүшүндө оппозиция болуш керек, бизде азыр жок. Оппозициянын пайда болушуна шарт болбой, укуктар чектелүүдө. Журналисттер куугунтукка алынып жатат. Албетте, жогорудагы көрсөткүчтүн баардыгы жалпы адам укуктары боюнча декларациянын талаптарынын аткарылышына формалдуу гана кадам болуп калды. Кагаз жүзүндө баары жакшы, чын-чынына келгенде эл дагы деле өз көйгөйү менен өзү жашап келе жатат»,-деди Абдырахматова.