• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Адам сатууга каршы үч жылдык программа бекитилди. Унаа айдап качкан  3 жигит кармалды

26 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ УЧУРУ КАТТАЛГАН ЖОК

Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, акыркы суткада илдеттен жети бейтап сакайды, каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 14 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 393 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

АДАМ САТУУГА КАРШЫ ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ БЕКИТИЛДИ

Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, мамлекеттик органдар менен коомдук жана эл аралык уюмдардын кызматташуусун координациялоо аркылуу адам сатуунун курмандыгы болгондорго системалуу жардам көрсөтүү ыкмаларын жогорулатуу каралган.

Анда адам сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого багытталган мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү бар.

Мындан сырткары адам сатуунун алдын алуу, адам сатуу фактысына тиешеси барларды кылмыш жообуна тартуу, мындай окуялардын курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү сыяктуу критерийлер каралган.

УНАА АЙДАП КАЧКАНДАР КАРМАЛДЫ

Бишкекте үч жигит Honda Fit унаасын айдап качканга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде милицияга Б.А. аттуу жаран кайрылып, Фрунзе көчөсүндөгү үйүнүн алдында токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, шектүү катары 20 жаштагы С.М., 19 жаштагы С.М. жана 20 жаштагы А.Б. аттуу жигиттер кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Унаа табылып, ээсине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 78