Кыргыз өкмөтү Бишкек, Ош калааларында жана жети облуста электр кубатын пайдаланууга лимит коймокчу. Бул туурасындагы атайы токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Анда министрлик менен ведомстволорго жабдууларды, социалдык объектилерди кышка даярдап, көмүр менен камсыз кылууга буйрук берилген.
2019/2020-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу учурунда электр кубатын пайдалануу боюнча киргизилген лимит:
Ноябрь 2019-жыл | Декабрь 2 019-жыл | Январь 2020-жыл | Февраль 2020-жыл | Март 2020-жыл | |
---|---|---|---|---|---|
Бишкек | 383,384 | 430,456 | 475,171 | 435,06 | 412,22 |
Ош | 122,820 | 137,435 | 138,848 | 125,839 | 109,069 |
Баткен облусу | 96,257 | 99,739 | 98,308 | 94,118 | 84,891 |
Жалал-Абад облусу | 226,975 | 259,649 | 266,864 | 234,056 | 189,574 |
Ысык-Көл облусу | 162,533 | 184,639 | 194,038 | 174,494 | 153,697 |
Нарын облусу | 65,904 | 83,819 | 92,870 | 81,528 | 73,561 |
Ош облусу | 138,772 | 146,318 | 146,427 | 131,806 | 121,767 |
Талас облусу | 56,011 | 65,156 | 68,309 | 63,251 | 61,009 |
Чүй облусу | 373,281 | 428,430 | 451,235 | 412,695 | 416,882 |
Маалыматтар миллион киловатт/саат менен берилген.
Жана ошондой эле, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларына (макулдашуу менен) электр кубатын пайдаланууга коюлган лимиттин сакталышын көзөмөлгө алууга тапшырма берилээри айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан экени айтылган. Бирок, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыш-күз мезгилинде электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурабайт деген эле.