• Жекшемби 3 Куран 2022
  • Воскресенье 3 Июль 2022

Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымал

3 мая 2022 в 9:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда июнь-июль айларында COVID-19 оорусунун күчөшү ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдирди.

Артыкова дүйнөдө дагы бир глобалдык толкун болушу мүмкүн экенин белгилейт.

“Ал июнь айында башталышы ыктымал. Андан да кечирээк башталышы мүмкүн. Дүйнөнүн калкы сунуш кылынган эмдөө деңгээлине жете элек. Талапка ылайык, дүйнөдөгү адамдардын 70 пайыздан ашыгы вакцина алышы керек”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда вакциналардын бардык түрү бар жана ар биринин натыйжалуулугу жогору.

Количество просмотров: 571