5-январга караган түнү Кыргызстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Сейсмология институтуна шилтеме берип билдирди.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.