• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дээрлик 5 сомго кымбаттады

1 Жалган куран 2021 12:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 4 сом 90 тыйынга кымбаттады. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, март айында күйүүчү майдын баалары 7-8 сомго кымбатташы мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясы мунун себебин дүйнөлүк базардагы баанын көтөрүлүшү, доллар менен евронун кымбатташы менен түшүндүрүп жатат.

«Өлкөдө күйүүчү майга болгон баа өсүп жатат. Жыл башында баррелдин баасы 50 доллардын тегерегинде болсо, бүгүнкү күндө бир баррелдин баасы 67 долларга чейин жогорулады. Баанын өсүшүнө көптөгөн факторлор таасир этет, анын эң башкысы болуп чийки заттын жетишсиздигинде. ОПЕК уюмунун макулдашууларынан улам мунай казуунун көлөмү кыскартылган. Андан сырткары, эпидемиологиялык кырдаал баанын өсүшүнө дагы бир себеп болду. Россия жана Европанын экономикалык абалы жакшыра баштагандыктан, күйүүчү майлардын басымдуу бөлүгү ушул мамлекеттерге биринчи кезекте жөнөтүлүүдө. Кымбаттоо дагы дагы болот. Айта кетчү маселе өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү 9 завод бар. Алар 2020-жылдын эсебинен канча көлөмдө дизель отунун иштеп чыкканы тууралуу маалымат жок. Бүгүн алар иштебей турат. Буга байланыштуу мамлекет тарабынан алгылыктуу иш жүргөн жок»,-деди Эшатов.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан жыл сайын 1 миллион тонна күйүүчү май керектейт. Өлкөгө күйүүчү май Орусия жана Казакстандан ташылат.

Количество просмотров: 177