• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кыргызстанда калкка көрсөтүлгөн кызматтар канчага кымбаттады?

20 Теке 2022 11:07 Бишкек Govori.TV

Калкка көрсөтүлүүчү кызматтар 3,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда өткөн маалымат жыйында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

«Азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 12,5%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына — 11,8%га, азык-түлүк эмес товарларга — 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 3,8%га жогорулаган»,-деди министр.

Ошондой эле Амангелдиев үстүбүздөгү жылдын июнь айында республикада керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 1,5% түзгөнүн кошумчалады.

«Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баалар 2,7%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга — 1,9%га, азык-түлүк эмес товарларга — 0,3%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 1,5%га жогорулады»-деп билдирди Амангелдиев. 

Количество просмотров: 89