Кыргызстанда 723 күрөөкана ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.
«Биздин мекеме тарабынан жүргүзүлгөн иш — чаралардын натыйжасында 2023-жылы экинчи кварталда 7 күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулган. Кийин 44 күрөөкананын ишине бөгөт коюлду. 29-декабарда 96 күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулду», — деди ал.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат.