• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда карантин чаралары кайрадан киреби? Министрдин жообу…

12 Бугу 2021 13:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу катаал карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр карантин киргизилгендигине байланыштуу экономикалык кризиске туш болдук. “Карантинден кийин адамдар массалык түрдө коомдук жайларга бара баштады, ушул себептен 2020-жылдын май жана июнь айларында оорунун күч алышы байкалды. Биз учурда калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруп жатабыз”, — деди министр.

Количество просмотров: 617