• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирус аныкталган дагы эки киши каза болду

6 Чын куран 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус аныкталган дагы эки киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында каза болгондор Оштогу ооруканада жатышкан, акыркы учурда абалдары оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө болушкан.

Жалпысынан азыркы күнгө карата каза болгондордун саны төрткө жетти.

Ал эми бүгүн бул илдетти жуктурган дагы 69 учур катталды, жалпы ооругандардын саны 216 кишиге жетти.

Количество просмотров: 1344