• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 1 жашка чыга элек 4 бала бар

22 Чын куран 2020 10:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы аныкталган балдардын саны 62 бейтапка жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 612 адамдан коронавирус аныкталды. Ошондой эле 254 бейтап бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бейтаптардын жаш курагы:

— 0-15 жаш — 62 бала (анын ичинде 1 жашка чейинки 4 наристе);

— 16-19 жаш — 16 адам;

— 20-35 жаш — 140 адам;

— 36-55 жаш — 228 адам;

— 56 жаштан жогору — 166 адам.

Количество просмотров: 147