• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды

3 Чын куран 2020 10:32 Бишкек Govori.TV

3-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды. Буга чейин берилген маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталган.

Жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды. Бул тууралуу Республкиалык штаб билдирет.


Тастыкталган учурлар – 130
Айыккандар – 5
Каза болгондор – 1

2020-жылдын 3-апрелине карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.
Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.
Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.
Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дөгү брифингде кошумча маалымат берет.

Количество просмотров: 3345