Кыргызстанда коронавируска карата 2 лаборатория ишке кирип, 100 медицина кызматкери окутулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө карантиндик зоналар ачылып, убактылуу обсерваториялык жайлар даярдалууда.
«Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус тилекке каршы Кыргызстанда дагы катталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга даяр болчубуз. Учурда министрлик менен тыгыз иштешип, колдон келген жардамды берип жатабыз. Саламаттык сактоо министрлигинин сайтындагы маалыматтар 3 тилде жаңыланып жатат. Ош жана Бишкек шаарында лаборатория ишке кирди. Ошондой 100гө жакын жугуштуу ооруларды аныктаган медицина кызматкерлерин окутулду. Кошумча адистерди дагы окутуп жатабыз. Бүгүнкү күндө дүрбөлөңгө түшпөй, карантинге алынган жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга тийиш», — деди Назира Артыкова.
Мындан тышкары, ал беткапты вирус жуктургандар жана оорулууну дарылагандар тагынышы керек экенин белгиледи.