• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды

3 Чын куран 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

2020-жылдын 3-апрелине карата республиканыны стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.


Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.


Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.
Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.


Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дөгү брифингде кошумча маалымат берет.

Количество просмотров: 11157