• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кыргызстанда мектептер карантинге жабылат

14 Жалган куран 2020 15:49 Бишкек Govori.TV

16-марттан баштап, Кыргызстандагы баардык мектептер жана жогорку окуу жайлар үч аптага карантинге жабылат. Мындай чечим бүгүн, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Сооронбай Жээнбеков калкыбыздын саламаттыгы биринчи кезектеги маселе экенин дагы бир жолу айтты. Кырдаал анын жеке көзөмөлүндө болуп, саат сайын ар кыл мамлекеттик органдардан маалымат алып жатканын баса белгиледи.

«Албетте, эл болгон соң ар кандай кептер айтылууда. Санарип заманында такталбаган маалыматтар социалдык тармактарга да тарап кетүүдө. „Коронавирус Кыргызстанда жок“ дегенден күмөн санап, шектенген да пикирлер айтылууда. Жакынкы коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт. Бул табигый көрүнүш. Мындан ары да ишти күчөтүп, эң негизгиси коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу зарыл», — деп билдирди ал.

Чакан курамда Копсуздук кеңешинин жыйынында коронавируска байланыштуу абал боюнча эки республикалык штабдын маалыматы угулду.

Количество просмотров: 344