• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Кыргызстанда миграцияга чейинки даярдык жана окутуу борборлору түзүлдү

9 Бештин айы 2023 15:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 10 миграцияга чейинки даярдык жана окутуу борбору түзүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борборлор кесиптик лицейлердин базасында уюштурулду. Алар ички жана тышкы эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенет.

«Окутуу санариптик шаймандар жана гибриддик форматтар аркылуу жүргүзүлөт», — деди ал жана мындай борборлор быйыл гана ачыла баштаганын кошумчалады.

Количество просмотров: 100