• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктары дүйнөнүн 75 мамлекетине экспорттолууда

28 Үчтүн айы 202011:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктары дүйнөнүн 75 мамлекетине экспорттолууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйын учурунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев билдирди.

«2019-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын азыктары жалпысынан 17 млрд 822 млн сомго экспорттолгон. Бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилинин көрсөткүчүнөн 26,4% (сом менен) жогору», — деди

Мындан сырткары, ал Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктары Түркия, Иран, Болгария, Сербия, Литва, Кытай, Өзбекстан, Россия сыяктуу дүйнөнүн 75 мамлекетине экспорттолуп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 113