• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстанда оппозициялык кыймыл түзүлдү. Ага кимдер кирди?

31 Жалган куран 202215:08 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм түзүлдү. Аталган кыймылдын мүчөлөрү алгачкы жыйынын Бишкектеги Горький аянтында өткөрүп, программасын жарыялады.

Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Оппозициялык кыймылда саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер бар.

Кыймылдын координатору болуп Мамбетжунус Абылов шайланган.

Количество просмотров: 2558