• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шайлоодо бир мандаттуу округдардын бөлүштүрүлүшү маселе жаратпайбы?

1 Аяк оона 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардын аймагы такталып жатат. Бирок округдардын бөлүнүшү тууралуу акыркы чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов Govori.TVга билдирди.

Маматовдун айтымында, шайлоочулардын саны 3 млн. 658 миң. Бул санды 36га бөлө келгенде ар бир шайлоо округунда шайлоочулардын саны болжолдуу эсеп боюнча 100 миңден ашып түшөт.

«Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына экинчи окууда өзгөртүү киргизди. Бул жерде аралаш система болгон соң 3 млн. 657 миң 805 шайлоочуну 36га бөлө келгенде ар бир шайлоо округуна эсеп боюнча 100 миң шайлоочу деп божомолдонду. 6-сентябрга чейин округдарды Боршайкомдун алдында түзүлгөн атайын топ иш алып барып жатат. Округдар маселеси жалпыга маалымдоо каражаттарына дагы жарыяланды. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен аталган маселе талкуулап, БШКнын мүчөлөрүнөн сунуштар түшүп жатат. Округдар кандай бөлүнөт деген суроо турат. 3-4 округ боюнча талаш бар, деген менен бир жыйынтыкка келебиз деген ойдобуз»,-деди Маматов.

Кошумчалай кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров 29-августта парламенттик шайлоонун күнүн 28-ноябрга белгиледи. Буга чейин депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 36 депутат бир мандаттуу округдан, 54ү преференциалдык (партияга жана анын тизмесиндеги талапкерге добуш берүү) система менен шайланат.

Количество просмотров: 191