• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум жыйынтыкталды

10 Үчтүн айы 2021 20:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү күнү жыйынтыкталды. Өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн 20:00гө чейин иштеди.

Президенттикке 17 талапкер ат салышты.

Өлкө аймагындагы жана чет өлкөдөгү шайлоо тилкелерине КМШ өлкөлөрүнөн келген жана жергиликтүү байкоочулар көз салып, ММК өкүлдөрү чагылдырып турду.

Маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарындагы жана башка айрым шайлоо участкаларында автоматташтырылган башкаруу тутумдары (АСУ) иштебей жатат, идентификациялоочу шаймандар иштебей жатаканы айтылды. Ал эми Нарын шаарындагы №4065 шайлоо участкасында бюллетендер сакталган сейфтин ачкычы дааратканага түшүп кетип, сейфти талкалап ачып, шайлоо кечигип башталганы айтылды.

Муну менен катар бул жолку шайлоодо шайлоочулар аз келгени да кошумчаланды.

БШК маалымдагандай шайлоонун алдын ала жыйынтыгы алгыңкы бир нече саатта белгилүү болот.

Бишкек убактысы менен саат 18:00гө карата кезексиз президенттик шайлоого шайлоочулардын 33,13% (1 180 515 адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 33,08% (1 178 656 адам) түздү.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ экени айтылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна бузууларга байланыштуу 32 кайрылуу келип түшкөн.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоону «өттү» деп жарыялаш үчүн пайыздык чек каралган эмес. Жыйынтык шайлоочулардын канча пайызы катышса, ошого жараша чыгарылат. Добуш бергендердин жарымынан көбүнүн колдоосуна ээ болгон талапкер утат.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 56-беренесине ылайык, талапкерлердин бири да шайлоочулардын эң көп добушун ала албаса, анда БШК шайлоочулардын салыштырмалуу кыйла көп добушуна ээ болгон эки талапкердин ортосунда кайра добуш берүү (2-тур) дайындайт.

БШК шайлоо өткөндөн 20 күндөн кечиктирбестен, шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого тийиш.

Ал эми референдумду «өттү» деп жарыялаш үчүн шайлоочулардын 30% көбү добуш бериши керек.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам башталган нааразылык акциясы 5-6-октябрь күндөрү массалык тополоң менен коштолгон. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан.

Тополоңдо бир адам мерт болуп, 50дөн ашуун киши түрдүү жаракат алган.

Өлкөдө жаралган жагдайдан улам президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып берген. 62 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын ноябрь айында шайланган.

Количество просмотров: 413