• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

3 Бирдин айы 202210:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Ысык-Көл 5 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда турак үйдүн бөлмөсүнүн 3 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарынын Достук кичирайонунда турак үйдүн морунун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылында жолдун боюнда Mercedes-Benz 190 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Количество просмотров: 56