• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

22 Бирдин айы 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Чүй облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган бастырманын 10 чарчы метр чатыры жана 60 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында темир устундуу ондулин менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 240 чарчы метр чатыры, шыбы жана дубалдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында жалпы аянты 75 чарчы метр сарай толугу менен жана 15 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айылында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү эвакуатордун салону толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 78