• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргызстанда сутка ичинде 3 өрт кырсыгы катталды

11 Жалган куран 2022 10:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 3 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Дордой-1 конушунда турак үйдүн 2-кабатында 1 чарчы метр жууркан жана килем күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Термечиков жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде кароосуз калган тез-татым даярдоочу павильондун ичинде газ баллондун түтүкчөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Коргон айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 72 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 74