Бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева парламент жыйынында Кыргыз Республикасындагы калктын демографиялык абалы, бул багытта өзү тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады.
Камила Талиева Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары менен бөлүшүп, Кыргызстанда төрөттүн көрсөткүчү акыркы төрт жылда төмөндөп жатканын белгиледи.
“Мисалы, 2019-жылы төрөлгөндөрдүн саны 173 миң 484, 2020-жылы 158 миң 112 (15 миң адамга аз), 2021-жылы болсо 150 миң 164 (дагы 8 миң кишиге аз) тѳрѳлгѳн. Төрөт боюнча жөлөкпул алгандардын санынын азайышы Кыргызстанда төрөлгөндөрдүн санынын азайгандыгын түздөн-түз айтып турат. Өткөн жылы «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун алуучулардын саны 12,9%га азайып, 130,2 миң адамды түздү”,- деди депутат.
Депутат мындан ары мамлекет үй-бүлөдө төрөлгөн 3-балага артыкчылык берүү жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын камкордукка алуу саясатын жүргүзүү жагдайына көңүл буруп, бул багытта өзү демилгелеп жаткан “Алтын бала” программасы боюнча айтып берди.
“Калктын туруктуу табигый өсүшүн камсыз кылуу үчүн 2025-жылдын 1-январынан тартып 3 балалуу үй-бүлөлөрдү жана ар бир кийинки баланын төрөлүшүн колдоого багытталган “Алтын бала” программасын киргизүүнү сунуштайм. Ошондой эле, универсалдык жөлөкпулду киргизүү зарыл деп эсептейм, анын негизинде эки гана критерий болушу керек: балдардын жашы жана үй-бүлөдөгү балдардын саны. Ал эми, биринчи кадам 0 жаштан 3 жашка чейинки балдарга категориялык жеңилдиктерди киргизүү болушу керек. Ошентип, «Универсалдуу пайдага» этап-этабы менен өтүүнү сунуштайм”, — деди К.Талиева.
Жогорку Кеңештин депутаты ошондой эле, 2025-жылдын 1-январынан тартып чек арага жакын аймактардын калкынын туруктуу жашоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана ички миграцияны токтотуу — өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын бардык тургундарына жана балдары бар жарандарга жөлөкпулдарды төлөө сунушун көтөрдү.
Эл өкүлү ошентип, 16 жашка чейинки бардык балдарды камтуу менен, 2030-жылга чейин социалдык коргоо тармагындагы Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишилет деп баса белгиледи.