• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 82 адам каза болду

19 Жалган куран 2024 11:16 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришкендей, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейинки аралыкта өлкө боюнча 1 173 жол кырсыгы катталган: андан 1 673 адам жабыркап, 82 киши каза болгон. Мында жабыркагандар боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5%, ал эми каза болгондор боюнча 24,1% азайган.

Жыл башынан бери жашы жете электердин катышуусунда 245 жол-транспорт кырсыгы катталган, былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 15,2% азайган. Жабыркагандардын саны 23,5%га, каза болгондордун көрсөткүчү 35,7%га төмөндөгөн.

Количество просмотров: 68