• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда жылдагыга караганда көмүр аз казылып жатат

26 Тогуздун айы 2018 17:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV
Элибиз эзелтен очокко от тамызып көнгөн. Ошондуктан көмүрсүз кышты  элестетүү мүмкүн эмес. Суук түшкөн сайын көмүр базарында кара отундун баасы күндөн күнгө кымбаттап жатат. “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасы көмүрдүн баасы туруктуу болуп, стабилдүүлүк сакталат деп ишендирди. Кыргызстандын көмүр рыногу Кара-Кечеден,Шарбондон жана Миңкуш тараптан келген көмүрлөр менен камсыздалып турат.
Биз Бишкек шаарындагы кара алтындын баасы канча болуп жатканын жана кайсы көмүргө болгон талап күчтүү экенин билдик.
Бишкек шаарындагы көмүр базанын кызматкерлери жылдагыга караганада көмүр аз келип жатканын айтышат. Анткени көмүр кенинин үстүндөгү топуракты тазалоо дагы адам эмгегин жана техниканы талап кылат/ Учурда көмүр үстүндөгү катмарларды тазалоо иштери кышка карата кызуу жүрүп жатат.
Бирок, сатуучулар жана көмүрдү жеткирүүчүлөр учурда кара отунду алгандардын саны аз экенин айтышты. Суук түшкөнгө чейин ар бир түтүн өздөрүн кара отун менен камсыздаганы алар үчүн натыйжалуу болоорун “Кыргыз көмүр” ишканасы билдирди. Көмүрдү жамгыр жаабай, жер кургак болуп турган учурда сатып алуу маанилүү экенин айтышат. Себеби күн сууктаганда сатып алынган көмүр нымдашып салмак кошуп капчыкка дагы зыян алып келиши мүмкүн.

 

Количество просмотров: 35