• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү Баткенге барды

22 Аяк оона 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, башкы максат – чек арабызга чектеш айылдарга баскынчылык менен кирип келип жай тургундардын, социалдык объектилерди талкалашканын көрсөтүү жана ал аркылуу дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирүү.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Количество просмотров: 112