• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кыргызстандагы театрларды оңдоп-түзөөгө Өкмөт 198 млн сом бөлдү

5 Теке 2019 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев театралдык-оюн зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн финансылык каражат бөлүү чечимине кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Финансы министрлиги белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүдөй финансылык каражат бөлүп берет:

-Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 84 млн 605 миң сом;
-Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 97 млн 658 миң сом;
-Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 16 млн сом;

Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргызстандагы театралдык-оюн зоок мекемелеринин имараттары ишке берилгенден бери дээрлик капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес.

Количество просмотров: 4