• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди (тизме)

23 Жалган куран 2020 15:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, алты ай товарлардын айрым түрлөрүн өлкөдөн экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган товарлардын тизмеси:

  • Буудай жана меслин
  • Буудай уну
  • Өсүмдүк майы
  • Күрүч
  • Макарондун түрлөрү
  • Шекер
  • Тоок жумурткасы
  • Тамак-аш үчүн йоддолгон туз
  • Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
  • Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар
  • Дезинфекциялоочу каражаттар

Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө

Количество просмотров: 213