• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстандык балбан күрөштөн 4 жылга четтетилди

23 Аяк оона 202413:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков күрөштөн төрт жылга четтетилди. Бул тууралуу эл аралык тестирлөө агенттиги маалымдады.

Эл аралык тестирлөө агенттигинин маалыматы боюнча, 24 жаштагы спортчу 2023-жылдын 10-апрелинде допинг тесттен өтпөй калган. Бул күнү ал Астанада өткөн Азия чемпиондугунда 82 килограммга чейинки салмак ченинде жеңишке жеткен.

Континенталдык чемпионаттын биринчилигинде анын заарасынан тыюу салынган метастерон дарысынын калдыктары табылган.

Талантбеков алгач 2023-жылдын 12-июнуна чейин, ал эми териштирүүлөр аяктагандан кийин 2027-жылдын 11-июнуна чейин күрөштөн четтетилди.

Талантбековго ыйгарылган алтын медаль казакстандык Диас Каленге ыйгарылды.

Количество просмотров: 498