Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Токио Олимпиадасына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, быйыл Болгарияда өткөн дүйнөлүк олимпиадалык тандоо мелдешинде Олимпиадага жолдомо жеңген индиялык Сумит Малик кызытма эрежелерин бузгандыгы үчүн андан жолдомо кайра артка алынып, кыргыз балбанына берилген. Аталган мелдеште Лазарев үчүнчү орун алган.
Кошумчалай кетсек, Лазарев 125 килогармм салмакта күрөшөт. Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алды