Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков 23 жаштагылар арасында дүйнө чемпиону болду. Ал финалдык беттеште Индия балбаны Равиндер Равиндерди 5:3 эсебинде утуп алды.
Маалыматка ылайык, 61 килограмм салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков жарым финалда япониялык Рютаро Хаяманы утуп, финалга чыккан. Чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайды 6:0 эсебинде, 1\8 финалда украиналык Валентин Блясецкийди жеңди.
Кошумчалай кетсек, Венгриянын борбору Будапешт шаарында 28-октябрда башталган U23 дүйнө чемпионаты 3-ноябрда аяктайт.