• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык эки балбан бүгүн коло медаль үчүн күрөшөт

17 Бештин айы 202010:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбандар Исламбек Орозбеков менен Айаал Лазарев Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль үчүн күрөшөт.

Маалыматка ылайык, Лазарев жана Орозбеков бүгүн, 17-декабрда коло медалдар үчүн килем үстүнө чыгышат.

Спортчулар кечээ, 16-декабрда эркин күрөш боюнча мелдештерде алгачкы беттештерин өткөрүштү. Лазарев Канада жана Эстониянын спортчуларын жеңип, бирок жарым финалда польшалык Роберт Баранга утулуп калды. Ал эми Орозбеков 1/4 финалдык баскычта Индиянын спортчусун утуп, бирок жарым финалдык беттеште түркиялык балбанга жеңишти алдырып жиберген эле.

Количество просмотров: 123