Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.
Кыргызстандык үч каскадер Walt Disney Studios компаниясынын «Мулан» тасмасына тартылып жатышат. Бул тууралуу Nomad Stunts тобунун негиздөөчүсү Жайдарбек Кунгужимов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Аталган фильмдин сюжети эр жүрөк кытай кызы тууралуу. Ал согушка катышуу үчүн, атасынын ордуна эркекче кийинип чыгат.
Башкы ролго кытайлык актриса Лю Ифэй тартылган.
Кошумчалай кетсек, тасма 2020-жылдын 27-мартында көрүүчүлөргө тартууланат.