• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Кыргызстандык окуучу тхэквондо боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду ээледи

15 Бугу 202311:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Ринат Урматбек уулу тхэквондо боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин окуучусу Ринат Урматбек уулу Японияда өткөн тхэквондо боюнча дүйнө чемпионатында 70 кг салмакта 1-орунга ээ болду.

Кошумчалай кетсек, чемпионатка дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн тхэквондисттер катышкан.

Количество просмотров: 132