• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Руслан Сагдеев Эр-Рияддагы дүйнөлүк оюндарда күмүш медалга ээ болду

26 Тогуздун айы 202311:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Руслан Сагдеев Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 94 кг чейинки салмакта катышкан.

Финалдык беттеште Руслан Сагдеев Бириккен Араб Эмиратынын балбаны кез келип, жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартып калган.

Количество просмотров: 110