Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 6 медаль утту
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 6 медаль утту
20 Бирдин айы 202411:40 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандык алты окуучу VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, олимпиада 10-12-февралда Румынияда өткөн.
Төмөндө жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Ян Бобрус, Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
Абдуллахан Абдирасулов, Ош «Сема» лицейинин, 8-классынын окуучуcу – коло медаль;
Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин, 9-классынын окуучуcу – коло медаль;
Эскерте кетсек, олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казахстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.