• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстандык окуучулар Түркияда өткөн олимпиадада 22 медаль утту

14 Жетинин айы 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык окуучулар Түркиянын Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим олимпиадасында 22 медаль утту. Анын алтоо алтын, 9 — күмүш жана 7 — коло. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Окуучулар химия, биология, математика, англис, түрк жана орус тилдери, ошондой эле көркөм сүрөт өнөрү боюнча алдыңкы орундарды багындырышкан. Алар “Илим – Нур” окуу-тарбия комплексинин командасы.

Алтын медалга ээ болгондор:

  • Асель Курбанбек кызы (химия, математика, түрк тили);
  • Арууке Абылкасымова (көркөм сүрөт өнөрү);
  • Арууке Турусбекова (биология);
  • Радия Нусуретова (биология).

Күмүш медалга ээ болгондор:

  • Асель Курбанбек кызы (англис тили, биология);
  • Исмаил Маратов (математика, англис тили);
  • Айдина Толонбаева (химия);
  • Арууке Баширова (көркөм сүрөт өнөрү);
  • Зайнаб Альчибекова (биология);
  • Радия Нусуретова (химия);
  • Раяна Асылбек (англис тили).

Коло медаль ээлери

  • Агиля Алиева (биология);
  • Аманжан Сансызбеков (география);
  • Арууке Турусбекова (химия);
  • Зайнаб Альчибекова (англис тили);
  • Исмаил Маратов (орус тили);
  • Нуршаш Ертаева (биология);
  • Раяна Асылбек (орус тили).

Окуучулар жана студенттер үчүн эл аралык олимпиада 2023-жылдын 29-октябрынан 4-ноябрына чейинки аралыкта өткөрүлдү.

Количество просмотров: 153