• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстандык спортчу Белоруссиядагы эл аралык турнирде эки медаль утту

19 Теке 201913:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.

Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков Белоруссиядагы жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде эки медаль утту. Ачык кубок кечээ, 18-июлда Брест шаарында башталган.

Мелдештин экинчи күнүндө, тактап айтканда бүгүн Нурсултан 3000 метрди 8 мүнөт 16,21 секундда чуркап өттү. Бул жыйынтык менен 2-орунду алып, күмүш медаль тагынды.

Буга чейин Нурсултан 5000 метрге чуркап, коло медаль утуп алган болчу.

Ушул эле турнирде Дарья Маслова 500 миң метрди 16 мүнөт 12,02 секундда чуркап өттүп, алтын байге жеңген.

Количество просмотров: 11