• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Кыргызстандык суучулдар дүйнө чемпионатына катышат

25 Үчтүн айы 2024 9:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Печерских дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Дүйнө биринчилиги Катардын Доха шаарында 2-18-февраль күндөрү өтөт. Мелдештин жүрүшүндө жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.

Курама команда башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Количество просмотров: 58