• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстандык жаш футболист англиялык футбол академиясынын окуучусу болду

19 Теке 201912:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2019. Govori.TV

Футбол боюнча өспүрүмдөрдүн курама командасынын (U-16) капитаны жана «Илбирс» клубунун оюнчусу Ырыскелди Тыныбеков футбол боюнча англиялык «Brooke house College» академиясынын текшерүүсүнөн ийгиликтүү өттү. Күздөн баштап аталган академиянын мүчөсү болоорун Футбол федерациясынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, эки тараптын сүйлөшүүлөрү 2 жыл аралыгында болуп келген. Бул жылы сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, жаш футболист Англиянын Маркет-Харборо шаарында окуусун баштайт.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө биринчилигинин жарым финалында Россия менен Хорватиянын командалары беттешээрдин алдында талаага топ алып чыккан өспүрүм Ырыскелди Тыныбеков болчу.

Количество просмотров: 19