• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргызстандыктар үчүн 8-апрель дем алыш күн болбойт

2 Чын куран 201919:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2019.Govori.TV.

Кыргызстандыктар үчүн 8-апрель дем алыш күн болбойт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 7-апрель — Элдик революция күнү катары календарда кызыл менен белгиленген. Бирок , 7-апрель жекшемби күнгө туш келгендиктен, кыргызстандыктар 8-апрель дүйшөмбү күнү эс алышы керек болчу.

«8-апрель 3-январь иш күнүнө жылдырылгандыгына байланыштуу, ал күнү кыргызстандыктар иштешет», — деп билдиришти министрликтен.

Количество просмотров: 17