• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстандыктар Украинадан Венгрия аркылуу алып чыгарылат

26 Бирдин айы 2022 0:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия аркылуу (Будапешт — Стамбул — Бишкек) алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ТИМдин расмий билдирүүсүндө айтылат.

Эвакуациялоо үчүн кыргызстандыктар Украинага мыйзамдуу жол менен келген болушу керек жана жанында тиешелүү документтери болушу шарт. Мындан сырткары алар Венгрия аркылуу Кыргызстанга чыгып кетүү үчүн авиабилеттерди алуусу зарыл.

Кыргызстандын жарандары украин-венгр чек арасындагы “Чоп” өткөрмө бекетине өздөрүнүн эсебинен чогуу алып келинет. Венгриянын аймагында аларды аэропортко чейин Кыргызстандын Будапешттеги элчилигинин өкүлдөрү коштоп барат.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго байланышы керек. Анын номери +380997573413, +380442370347.

Кыргызстандын ТИМи учурда Украинанын бүткүл аймагында каршылашкан тараптардын ортосунда атышуулар жүрүп жатканын белгилеп, ары-берүү каттоодо жеке коопсуздукка коркунуч келиши мүмкүндүгүн эскертет. Ушуга байланыштуу элчилик кыргыз жарандарын эгер жашаган жери коопсуз болсо Украинанын аймагында кырдаал турукташканга чейин ошол жерде кала берүүнү сунуштайт.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылганы айтылган.

Количество просмотров: 124