Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кыргызстандыктар жаңы жылда үч күн эс ала турганын кабарлашты.
Алдын ала маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 1-2-3-январь күндөрү эс алышат. Ал эми 4нөн 6-январга чейин иш күндөрү болуп саналат. 7-январда кыргызстандыктар кайрадан эс алышса, жума, 8-январь кайрадан иш күнү.