• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө эскертилди

22 Бирдин айы 2022 12:45 Бишкек Govori.TV

Токтогул суу сактагычында сууунун көлөмү 8,4 миллиард метр куб бул былтыр ушул маалга салыштырмалуу 1,5 миллиардга аз. Бул тууралуу «Улуттук энегохолдинг» кабарлады.

Ишкана мындан улам сууну үнөмдөө максатында, жарык берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Былтыр март айынын аягында Токтогулдагы суунун көлөмү 8 миллиард метр кубга чейин азайган. Энергетиктер ушул тушта керектөөлөр өскөнүн эске алганда кыштан кийин, тактап айтканда быйыл апрелге карата суунун көлөмү 6 миллиард метр кубга чейин азайышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Количество просмотров: 196