• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстандын 30 жылдыгына карата логотип тандалып алынды

26 Теке 202113:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотип тандалып алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Логотиптин авторлору: Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шакир Арыков жана Жеңиш Жанузаков.

«Сынак өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүп, аны менен кошо кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 173